7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аламүдүндө 275 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилет

255

Чүй облусунда 275 орундуу жаңы мектеп курулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районундагы Бер-Булак айылында наркы 192 миллион сомду түзгөн О.Турусматов атындагы эки кабаттуу мектептин курулуш иштери жыйынтыкталды. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

Жаңы мектеп 275 орунга ылайыкталып, заманбап талаптарга жооп берген, окуу корпусу спорт залы менен курулуп, окуучулар жана мугалимдер үчүн бардык ыңгайлуу шарттар каралган.

Белгилей кетсек, учурда курулуш иштери толук аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.

256