Бүгүн Аламүдүн районунун Бер-Булак айылында 275 орундуу О.Турсуматов атындагы жаңы мектеп ишке берилди.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага курулуш министри Нурдан Орунтаев, Чүй облусунун башчысы Азамат Осмонов, жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, мугалимдер, окуучулар жана айыл тургундары катышты.
Нурдан Орунтаев өз сөзүндө өлкө боюнча курулуп жаткан мектептердин саны жана сапаты жылдан жылга жогорулап жатканын белгилеп, бул жаңы мектеп келечек муун үчүн түзүлүп жаткан маанилүү билим берүү объекттеринин бири экенин айтып, айыл тургундарын жана жалпы жамаатты мектептин ачылышы менен куттуктады.

Мектептин курулушу 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоорго ылайык, мектеп эки кабаттан туруп, 275 орунга ылайыкталган. Ошондой эле окуучулар жана мугалимдер үчүн бардык ыңгайлуу шарттар каралган.




