Ысык-Атада жабырлануучунун 60 кап унун алып, изин жашырып жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23 жаштагы К.З. аттуу жергиликтүү жаран арыз менен кайрылып, ушул жылдын 10-июнь айы чала тааныш бала анын ишенимине кирип, алдап 60 кап унун алып, ошол боюнча из жашырып жүргөнүн билдирген.
Келтирилген материалдык чыгым 110 миң сомду түзгөн.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 204-беренеси («Алдамчыдык») боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 30 жаштагы И.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.