7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

MegaCom компаниясынын мурдагы директору Азат Базаркулов кармалды

1026

“Альфа Телеком” ЖАКтын мурдагы башкы директору кармалганын УКМКдан билдиришти.

УКМК коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында “Альфа Телеком” ЖАКсында сатып алуулар системасындагы мыйзам бузуу фактыларын аныктады.

Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 4-бөлүгү (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында “Альфа Телеком” ЖАКтын жооптуу адамдары жеке компаниялар менен алдын ала сүйлөшүп алышып, алар үчүн жеңилдетилген шарттарды алдын ала даярдап, ошону менен тендерлерде көп учурда ошол компаниялар ута тургандай жеңишти камсыз кылып турушкан.

Иштин жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, сатылып алынган техниканын баасы жогорулатылганы, анын натыйжасында мамлекетке миллиондогон зыян келтирилгени аныкталды.

Алынган далилдердин негизинде кылмышты жасоого шектелген Б.А.Т. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1027