7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алгачкы алтын медаль! Эрлан Шеров Европа Кубогунда жеңишке жетти!

147

Эрлан Шеров Ljubljana European Open-2026 мелдешинде алтын медаль жеңди. Бул тууралуу спортчу мырза социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү.

Маалым болгондой, Шеров 90 кг чейинки салмакта күч сынашып, финалда россиялык Давид Карапетянды утуп алды.

«Бүгүн Жараткан Алланын каалоосу менен өз өлкөбүз үчүн Европа Кубокторундагы алгачкы — тарыхый алтын медалды жеңип алдык.Менин үй-бүлөмө, өз өлкөмө, машыктыруучу штабыма, федерацияга жана ишенип, колдоо көрсөткөн бардык жакындарыма терең ыраазычылык билдирем. ИншаАллах, башкы ниетибизди унутпай, алдыга умтулабыз», — дейт спортчу мырза билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, турнир 14-15-февралда өтүп, ага 45 өлкөдөн 500дөн ашык спортчу катышты. Кыргызстандан үч дзюдочу барган.

148