Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев Алга Кылычовду сотко берди. Бул тууралуу Алга Кылычов «Азаттыкка» билдирген.
Абжалиев соттон ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоону өтүнгөн. Кылычовдун айтуусунда, анын “Фейсбук” баракчасындагы посту Абжалиевдин арыз жазуусуна негиз болгон.
«Анда Кылычов Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы эс алуу жайында катталган адам өлүмү тууралуу жазган» -дейт Азаттык. Бирок, Кылычевдин лентасынан таба албадык, балким өчүрүп салган.
27-июлда Ысык-Көлдүн Бостери айылында жайгашкан пансионаттын аквапаркына суу толтурууга ылайыкташкан түтүк соруп кеткен 18 жаштагы улан каза тапкан.
Эс алуу жайында катталган адам өлүмүнө байланыштуу эки кылмыш иши козголгон.