7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алиярбек Абжалиевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши катталды

729

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши катталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы мамлекеттик органдардагы коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө Абжалиев тарабынан мыйзамсыз баюу фактысын аныкталган.

Абжалиев экс-президент менен тууганчылыгын колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине активдүү кийлигишип, жеке структуралардын кызыкчылыктарын лоббилөө менен алектенип жүргөндүгү аныкталган.

Ошондой эле мамлекеттик кызматкер Абжалиевдин 20дан ашык элиталык батири, Бишкек шаарынын VIP шаарчаларында турак үйлөрү, Ысык-Көл облусундагы пансионатты, Ысык-Көл жана Чүйдөгү жер тилкелери,  Түркияда жана Бириккен Араб Эмираттарында кыймылсыз мүлктөрү аныкталган.

730