Ализа Солтонбекова Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп дайындалды. Мындай чечим бүгүн парламенттин жыйынында кабыл алынды.
Буга чейин премьер-министр Ализа Солтонбекованын талапкерлигин көрсөткөн. Депутаттар бул демилгени бир жактан колдошуп, ишин билген тутумдагы кызматкердин бири башчы болушу эң мыкты практика болорун кошумчалашты.
Ализа Солтонбекова 2018-жылдын ноябрь айынан бери Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп эмгектенип келген.
Буга чейин бөлүмдү Улукбек Кочкоров жетектеп келген. 28-октябрда өкмөт аны өз каалоосу менен Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматынан бошотконун жарыялады. Бирок кийинчерээк ал өзүнүн кызматтан алынганын Интернеттен билгенин айткан.