7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алмамбет Шыкмаматов Баткен облусундагы салык төлөөчүлөр менен жолугушту

260
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, 16-мартта, жумушчу сапары менен Баткен облусуна барды. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында салык кызматынын башчысы аймактык салык органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышып, алардын иштөө шарттарын көрүп чыкты. Ошондой эле кызматкерлер менен салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жакшыртуу маселелерин жеринде талкуулады.
Иш сапарынын жүрүшүндө Алмамбет Шыкмаматов аймактагы салык төлөөчүлөр менен жолугушту. Жолугушууда ишкерлерге “Салык күзөт” автоматташтырылган аналитикалык система тууралуу маалымат берилди. Бул система салыктык башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатып, салык мыйзам бузууларын алдын алууга багытталган. Мындан тышкары катышуучуларга салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөр жана жаңылануулар тууралуу кеңири маалымат берилди. Андан соң жолугушуу ачык диалог форматында улантылды. Салык төлөөчүлөр өз ишмердүүлүгүндө кездешкен актуалдуу суроолорун берип, көйгөйлөрүн ортого салышты. Салык кызматынын төрагасы ишкерлердин кайрылууларын кылдат угуп, зарыл түшүндүрмөлөрдү берди жана кээ бир маселелерди чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун сунуштады.
Алмамбет Шыкмаматов Баткен облусунун экономикалык өнүгүүсү үчүн мамлекет тарабынан ишкердикти колдоо жана аймакка инвестиция тартууга багытталган бир катар салыктык жеңилдиктер жана преференциялар каралганын белгиледи.
Мындан тышкары, жумуш сапарынын алкагында Алмамбет Шыкмаматов облустагы көмүр өнөр жайынын өкүлдөрү менен өзүнчө кеңешме өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар өнөржайдын учурдагы абалы жана бизнес жүргүзүү менен салыктык башкарууга байланыштуу маселелерди талкуулашты.
Салык кызматынын төрагасы сунуштарды угуп, пайда болгон көйгөйлөрдү биргеликте чечүү зарылдыгын белгиледи.
261