7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алмамбет Шыкмаматов: Курулуш компанияларын бирдиктүү салык режимине өткөрүү тармакты көмүскөдөн чыгарат

319

Алмамбет Шыкмаматов курулуш компанияларын бирдиктүү салык режимине өткөрүү тармакты көмүскөдөн чыгарып, ачыктыгын жогорулатат деп билдирди. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда курулуш тармагынын экономикадагы мааниси, салык системасын жөнөкөйлөтүү, электрондук кызматтарды өнүктүрүү жана отчеттуулукту жеңилдетүү маселелери талкууланды. Иш-чарага мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги, соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү, курулуш ассоциацияларынын, ири жана аймактык компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн рейтингин киргизүү, жеңилдиктерди карап чыгуу жана бирдиктүү курулуш ассоциациясын түзүү сунушталды. Бизнес өкүлдөрүнүн сунуштары кабыл алынып, мыйзамдарды өркүндөтүү иштери улантылат.

Эми салык кызматынын тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан салык мыйзамдарын мындан ары өркүндөтүү механизмдери иштелип чыгат.

320