7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алмаш Чойбекова: «Сеңселткен саамайларын ак кайыңдар, Самашып сагынычымды уккан кезде, Барам сага»

3097

Акын Алмаш Чойбекова Токтогул районундагы Кетмен-Төбө айылында 1947-жылы 8-августта туулган. 1973-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын, 1980-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн (сырттан окуп) аяктаган.

Эмгек жолун 1965-жылы Фрунзедеги «Чолпон» бут кийим фирмасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1968-жылдан Токтогул районунун Суу чарба башкармалыгында кызматкер, 1973-1975-жж. Ош облусунун кыргыз драмтеатрында актриса, 1975-1978-жж. Токтогул районундагы Чоң-Арык айылындагы Энгельс атындагы орто мектепте пионердик тарбиячы, 1978-жылы Кыргыз ССРинин Мамтелерадиокомитетинин штаттан тышкаркы кабарчысы болуп эмгектенген. Анын биринчи «Ак булут» аттуу ырлар жыйнагы 1979-жылы жарыкка чыккан.

1981-жылы СССРдин Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

БАРАМ САГА

Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде.
Сеңселткен саамайларын ак кайыңдар,
Самашып сагынычымды уккан кезде
Барам сага.

Ширесин карагаттар чачкан кезде,
Ажарын жоогазындар ачкан кезде.
Кучактап бейкутчулук түн коюнун,
Күн сулуу уясына баткан кезде
Барам сага.

Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,
Ак жамгыр электете төккөн кезде.
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз,
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде
Барам сага.

Гүлдөргө аарыларың конгон кезде,
Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде.
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей,
Алтын ай асмандагы толгон кезде
Барам сага.

ЭНЕКЕМ

Жарык дүйнө жашоо берген энекем,
баскан жолуң бийик ашуу бел экен.
Жан кейиткен азаптарга чыдаган,
кайрат күчүң аска тоодой бек экен.

Балаң үчүн төккөн ысык мээримиң,
айтып бүткүс асылдыкка тең экен.
Сен мен үчүн ырыс чачкан шооласың,
өмүрдөгү түгөнбөгөн берекем.

Кыйын күндө кыйбас дагы алмашпас,
кең ааламда жалгыз гана эне экен.
Турмуш оорун кебелбестен көтөргөн,
жер үстүндө адам аттуу “жер” экен.

КЫЯЛДАНУУ
Жыпарын бүркүп гүлдөрдүн,
Жел келсе шибер ыргаган.
Жыргалга бөлөп сезимди,
Yнүңдү уксам ырдаган.
Колуңа гүлдөн дестелеп,
Көрүнө калсаң жылгадан.

Көбүртүп булак толкунун,
Акагы акса шыңгырап.
Билдирип жайлоо шоокумун,
Сайраса торгой күү курап.

Акырын сылап чачымдан,
Ардагым десең эркелеп.
Жылмая карап сүйкүмдүү,
Жылкыга кетсем эртелеп.
Боз жорго минип келатсам,
Алдымдан чыксаң энтелеп.

Кызарса булут сүрүлүп,
Кызылгат бышса күбүлүп.
Көөнөрбөс жашыл өзөндөн,
Көбүргөн терсек, кымыздык терсек,
Кымыздык терсек жүгүрүп.

Чачылып жатса шүүдүрүм,
Ак бермет болуп көктөмдө.
Эрксизден мөлт деп төгүлсө,
Экөөбүз басып өткөндө.
Көңүлдү жүрөк эргитип,
Күн нуру беттен өпкөндө.

Ак жамгыр төксө шорголоп,
Арчага келсек корголоп.
Кекилик учпай жем издеп,
Азгырса бизди жорголоп.
***

КАЙДАСЫҢ?

Кайдасың эңсеген эрмегим,
Зарыгып күтсөм келбедиң.
Уйкусуз түндөрдү өткөрүп,
Оюмду он бөлүп сен дедим.

Кайдасың сагынган кымбатым,
Акылдан адашпас кылдатым.
Жанаша басканда көрк берер,
Жарашык, сулуулук сымбатым.

Кайдасың кумардуу кучагым,
Жытыңды жыттоого кусамын.
Сен менин конушум көгөрүп,
Сен болсоң бийикке учамын.

Кайдасың үмүтүм, чырагым,
Күүгүмдө күтүнүп чыгарым.
Жалындар жалбырттап денеде,
Келе көр жакшы эле чыдадым.

 

***

Байыркы талаада байыркы таш жатат,
Байыркы жылдардын күнүнө какталат,
Кээде аны улуган бороон да жалмалап,
Кээда ага армандуу булуттан жаш тамат.

Качанкы каргалар конушат ал ташка,
Эс алат бүркүт да чарчаган кармашта.
Талаанын үстүнөн тизилет турналар,
Бийиктен бириндеп адашып калбаска.

Биз дагы дүйнөдөн кайрылгыс учаарбыз,
Качандыр мүрзөдөн чөп болуп чыгаарбыз,
Жээктей өтүшкөн кийинки урпактын
Өмүрдү даңктаган ырларын угаарбыз.

Шамалга катыгып, ысыкка жылымдап,
Топурак денебиз жуурулса кылымдап,
Калаарбыз айланып ар түрдүү таштарга,
А жамгыр жаш сымал таштарда сызылмак.

Мезгилге кайтарып ал таштар кум болоор,
Кум кайра жер болуп, ал жерге гүл толоор.
Жок болбос бир гана Күн, Жер, Ай, жылдыздар,
Океан чайпалаар, эң көрктүү гүл солоор.

Катмары кен жуткан тоолорду, талааны,
Канча көз тиктеген, тиктеген жаш-кары.
Сандаган кылымды боюна сиңирген,
Анда да күйгүзгөн бул күндүн аптабы.

Билинбей өткөндө жылдардын закымы,
Жандуу да, жансыз да кубулат акыры.
Эскирбей, өлбөй да калат го түбөлүк,
Адамзат өнөрү, даанышман акылы.

….Байыркы талаада байыркы таш жатат,
Байыркы жылдардын күнүнө какталат,
Кээде аны улуган бороон да жалмалап,
Кээда ага армандуу булуттан жаш тамат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3098