7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алматыда бийлик жарандарды эшикке чыкпоого чакырды

202

Казакстандын Алматы облусундагы катуу тиричилик калдыктарын таштоочу полигондо чыккан өрт 3 күндөн бери уланууда. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалымат кызматы маалымат таратты.

Маалыматта, кырдаал көзөмөлдө экендиги, жакынкы калктуу конуштарга жана тургундарга коркунуч жок экени айталган. Бирок, түтүндүн айлана-чөйрөгө тарашы менен байланыштуу, жашоочуларга жана конокторго көчөгө чыкпоону, терезе-эшиктерди жабууну, маска тагынууну жана ден соолугу начарласа, дароо дарыгерге кайрылууну сунушталат.

Өрт Алматы – Өскөмөн автожолунун 35-чакырымында, Алатау айылынын жанындагы “ADC TAZA ALEM” компаниясына таандык полигондо башталган. Жалпы 35 гектар аянттын 10 гектары өрттөнгөн. Өрттү өчүрүүгө 7 региондон өрт өчүрүүчүлөр тартылган.

Шаардык акимчилик кырдаалга байланыштуу жергиликтүү деңгээлдеги техногендик өзгөчө кырдаал жарыялоо маселесин коомдук талкууга чыгарды.

203