7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алматыда Элмирбек Иманалиевдин «Аманат» китебинин ачылышы болду

709

Кыргыз Республикасынын эл артисти, таланттуу төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиевдин казак тилинде басылып чыккан «Аманат» аттуу китебинин бет ачары Алматы шаарындагы Улуттук китепканасында өттү.

Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо, Кыргыз Республикасынын эл артисти Түгөлбай Казаков, Кыргыз Республикасынын эл акындары Акбар Рыскулов, Карбалас Бакиров, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков, Элмирбек Иманалиевдин жубайы Нурзат Абдрашитова, тарых илимдеринин доктору, филология илимдеринин кандидаты Сулайман Кайыпов баштаган кыргыздын маданият ишмерлери жана ошондой эле казак элинин белгилүү акын-жазуучулары, төкмө акындары катышып, Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгы, эки элдин маданий байланышы тууралуу сөз сүйлөп, маркумду эскеришти.

Элмирбек Иманалиевдин казак тилинде басылып чыккан “Аманат” аталышындагы китебин казак тилине белгилүү казак төкмө акыны, филология илимдеринин кандидаты Айбек Калиев которгон.

Элмирбек Иманалиев төкмө акын жана обончу катары буга чейин эки элге бирдей белгилүү болуп келген болсо, эми мындан ары анын калемине таандык керемет поэзия саптары казак окурмандарына да жетип, анын көп кырдуу өнөрүнүн дагы бир өңүтү ачылууда.

Китептин бет ачарында Элмирбек Иманалиевдин ырлары көркөм окулуп, кыргыз-казак акындары Элмирбек Иманалиевди төгүп ырдап эскеришсе, белгилүү казак-кыргыз ырчылары Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырларынан ырдашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

710