Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кечээ, 22 -сентябрда «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын объектилерин көрүп, иштөө тартиби менен таанышып чыкты. Алгач “Озгур” суу тазалоочу станциясынын ишмердүүлүгүн, таза сууну хлорлоо станциясынын заманбап жабдууларын көрүп, Кирпичный кичи районунда жайгашкан насостук станциялары, суу кампалары менен таанышты. Ошондой эле, канализация тазалоочу курулмаларды жеринен көрдү.
Белгилүү болгондой Ошто ар жылы жазында Ак-Буура дарыясы кирип, сел жүргөн кезде, шаар тургундарынын жарымы суусуз калат. Маселени чечүү үчүн Европа өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган резервуар куру долбоору натыйжасыз ишке ашкан.
Эми шаардык бийликтин алдында, жамгырдан кийин жылгалардан түшкөн ылай сууну Ак-Буура дарыясына кошпой тосуп, турдуруу, кошумча резервуар куруу милдети турат.
Абалды жеринен көргөн жаңы мэр Мамбетов да учурда эң приоритеттүү милдеттеринин бири — жарандарды жазгы суу ташкыны жана сел учурунда таза суу менен камсыз кылуу маселесин чечүү экендигин билдирген. Учурда бир нече долбоорлор каралып жаткандыгын кошумчалады.
Учурда жаан чачын учурда аккан селден арылуу максатында “Озгур” суу тазалоочу станциясындагы суу түтүгүн 2,5 километрге узартуу сунушталууда.
Ош шаарында “Ошшаарсууканал” ишканасынын карамагында жалпы 16 насостук станция бар, алар Ак-Буура дарыясынан алынган сууну элге жеткирүүгө жардам берет. 6 насостук станция реконструкция болгон, 4 станциянын оңдоп-түзөө иштери аяктоо алдында турат. Ошондой эле, 6 миңдик үч резервуар бар, мындан тышкары ар бир насостук станцияда керектүү суу кампалары курулган.