7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
21°C

Алмаз Мамбетов Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалды

368

Алмаз Мамбетов Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалды.

Тийешелүү буйрукка 6-июлда Акылбек Жапаров кол койгон.

Маалымат иретинде:

➡️Азербайжан Республикасынын президенти И.Г.Алиевдин 2022-жылдын 11-12-октябрында Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

➡️Фонддун максаты — Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, өнөр жайды модернизациялоо жана өнүктүрүү, эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты натыйжалуу пайдалануу жана жогорулатуу.

➡️Кол коюлган келишимге ылайык, Фонд Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актаган долбоорлорду агроөнөр жай комплекси, тигүү жана текстиль өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы, транспорт, турак жай курулушу, соода, энергетика комплекси, инфраструктураны өнүктүрүү, туризм жана башка тоо-кен металлургия өнөр жайы сыяктуу тармактарда кредиттерди берүү аркылуу каржылоону ишке ашырат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

369