Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов, бүгүн, 19-август күнү Ханне Зайдель Фондунун Борбордук Азиядагы жетекчиси доктор Макс Георг Майер жана Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын бүтүрүүчүлөрү менен жолукту.
Анда Ханне Зайдель Фондунун Борбордук Азиядагы жетекчиси доктор Макс Георг Майер мырза шаар башчысынын милдетин аткарып жаткан Алмаз Мамбетовго Академиянын сыймыктуу бүтүрүүчүсү катары ийгилик каалап, кызматташуу мындан ары да уланаарын билдирди.
Калаа башчысынын милдетин аткаруучу келечекте жаш кадырларды колдоп, алардын квалификациясын жогорулатуу максатында, билим алуусуна шарттар түзүлө бере тургундагын билдирди.