Журналист Эрнис Кыязовдун Пушкиндин «Алтын балыгын» эске салып, пост жазганы айрым ырчылар менен продюсерлердин ортосуна чок алды. Алсак, белгилүү эстрада ырчысы Алмаз Шаадаев Кыязовдун постун өзүнө жарыялаган. Ал арада сөздөн-сөз чыгып посттун алдында КТРКнын кызматкери, көп жылдан бери продюсерликти аркалап келген Асыл Аппасова менен кайым-айтышуу жаралган.
Алгач Асыл Аппасова Алмаз Шаадаевди катуу сынга алып, анын сабаттуулугуна асылып, ырчылыгын жокко чыгарган. Буга ызаланган Шаадаев «Ретро дискотека» телеберүүсүнө катышуу үчүн «Фаридам» ырына 200$ акча сураганын ачык жазган.
Ал эми Фейсбук баракчасында «Жылдыздуу саясат» тайпасы: «Асыл Апасова ырчылардан ар бир ыры үчүн 200$ алабы?», — деген темада пост жарыялаган.
«КТРКнын ар бир майрамдык эфиринде ырдоо очойгон акча турарын буга чейин кулагыбыз чалып келет. Мындай имишти ырчы Алмаз Шаадаев бышыктап, социалдык тармакта Асыл Аппасовага ачык эле айтты. Тилекке каршы эфирди өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланып, акча бергендерди ырдатып, бербегендерди чыгарбай жатканы акылга сыйабы?
КТРКда бир эле Асыл айым эмес, көптөгөн продюссерлер ушундай жол менен алектенип келет дешет», — деп жазылат анда.
Эрнис Кыязовдун Алмаз Шаадаев жарыялаган посту төмөндөгүчө жазылган: «Пушкин атабыз азамат эле болгон экенда «Алтын балык» жомогун укмуш жазып салган. Момун абышкадан да, ач көз кемпиринен да , баардык тилекти аткара берчү сыйкырдуу балыктан да адамдын НАПСИсин өлө жеткире жазган да акын.. Кемпир эле ачкөздөнө берет эмеспи,.. улам абышканы жүдөтүп, алтын балыкка жөнөтүп, тиги-буну суратып… Бирок, жомоктун өзөгүн тушунсон бүт замандардагы бийликти, байлыкты, мансапты сүйгөн, «..дагы, дагы, дагы!!!..бийлигим, байлыгым мындан да көп болсо экен!..» напсисин башкара албаган ач көздөрдү таамай сүрөттөгөн экенда чиркин…»