7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алмазбек Исаков Кара-Балта шаарынын мэри болду

12

Исаков Алмазбек Карыпович Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов Кара-Балта шаардык мэриясынын жамаатына жаңы мэр Алмазбек Исаковду тааныштырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө облус башчысы жаңы мэрдин кесиптик тажрыйбасын белгилеп, анын жетекчилиги астында муниципалдык кызматтардын иши шаарды туруктуу өнүктүрүүгө жана тургундардын актуалдуу маселелерин чечүүгө багытталарына ишеним билдирди.

Азамат Осмонов мэриянын жамааты үчүн биргелешип иштөөнүн маанилүүлүгүн, калк алдындагы жоопкерчиликти жана өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган тапшырмаларды так аткаруу зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Өз кезегинде Алмазбек Исаков көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, шаардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу үчүн болгон күч-аракетин жумшай турганын ишендирди.

13