7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алмазбек Касенов: Бийлик спортко колдоо көрсөтүп жатканы көптөн үмүттөндүрөт

415

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, 1992-1998-жылдары грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Алмазбек Касенов: Париждеги Олимп оюндарында кыргыз спортчулары көрсөткөн жыйынтык – өтө жогорку ийгилик, эгемендик жылдарында Кыргызстан бир дагы Олимпиадада мынча медаль алган эмес. Ошол эле учурда коомчулук алтын байгени өтө күткөн жана муну дагы кыргыз эли өз спортчуларына ишенип, аларды баалаганын көрсөтөт.

Эми адистер жана машыктыруучулар спортчулар менен кошо жетишкендиктерди сын көз караш менен талдап, эмки Олимпиадага азыртан даярданып, ар бир спортчу үчүн келерки төрт жылга илимге негизделген план түзүш керек. Тилекке каршы, бизде спорт илими жакшы өнүккөн эмес, спорттук медицина менен спорттук психология дагы жетиштүү деңгээлде эмес, ал кемчиликтин баарын жоюш керек. Эң негизгиси – бийлик спортко тийиштүү көңүл бөлүп, жетиштүү каражат берип жатат…

416