7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2,5 миллион сом бөлүндү. Алтайдан Кыргызстанга 35 баш марал алынып келет

930

«Альянс Алтын» ишканасы Кыргызстан ала турган 35 маралдын акчасын каржылады. Бул тууралуу «Альянс Алтын» ишканасы Фейсбук баракчасына жарыялады.

Маалыматка караганда, «Бакубат Талас» фонду жана «Альянс Алтын» ЖЧКсы Кыргызстан ала турган 35 маралдын акчасын каржылады. Бул үчүн компания 2,5 миллион сом бөлүп берди.

“Маралдарды Алтай республикасынан (РФ) алып келишип, тоолуу өрөөндөргө эркин коё беришет. Акыркы жылдары Кыргызстанда бул жаныбардын санынын кескин азайып кеткени байкалган. Сатып алуулар маралдын санын көбөйтүп берүүгө көмөкчү болот.

«Альянс Алтын» ишканасы айлана-чөйрөнү коргоого байланышкан чараларга өзгөчө көңүл бурат жана маралдарды сатып алуу да компаниянын бул багыттагы иштеринин бири болуп саналат. Жогоруда аталган иш КР президентинин «2022-жылды тоолуу экосистеманы коргоо жана климаттык туруктуулукту камсыздоо жылы деп жарыялоо» буйругун аткаруу жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас облусунундагы башкармалыгынын долбоорун колдоо максатында ишке ашырылууда”,- деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

931