Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өткөрдү.
Көчмө жыйын алкагында депутаттар саркынды сууларды тазалоочу жайдын абалы менен таанышты. Маалым болгондой, саркынды сууларды тазалоочу жай 1986-жылы курулушу башталып, бирок толук бүтпөй калган. Учурда бул ишкана авариялык абалда турат.
“Аталган ишкана көл жээгинен 150 метр аралыкта гана жайгашкан. Азыр саркынды сууларды соруп турган төрт насостон, эки насос гана иштеп жатат. Эгер ошол эки насоско күч келип иштебей калса, тонналаган саркынды суу түтүктөрдү жарып көлгө куюлуп кетүү коркунучу бар», – деди Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов.
Комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев насостордун баасына кызыкты. Аталган ишкананын адистери бир насостун баасы бир миллион сомдун тегерегинде экендигин маалымдады. Аманкан Кенжебаев бул көйгөйдү чечүүгө болоорун айтып, район жетекчисине Кумтөрдөн түшкөн акча каражатынын эсебинен насос алууну сунуштады.