Эртең, 13-апрелде өлкөнүн кээ бир аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында күн бүркөк болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25,
- Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24,
- Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнү 10…15, күндүз 22…27,
- Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21,
- Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20
- Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7.
- Бишкекте түнкүсүн 10…12°, күндүз 20…22° болот.