Жети-Өгүз районуна караштуу Кирпичный айылында көл жээгинен мыйзамсыз балык уулагандар кармалганын Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Кызыл-Суу айылынын 38 жаштагы Б.А. жана 44 жаштагы К.А. аттуу тургундары туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.
Анда 10 даана сига, 11 даана форель, 20 даана чабак жана эки даана судак балыгы алынган.
Ошондой эле 70 метр тор жана бир моторлуу жел кайык алынып, райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин (“Балык же суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо”) негизинде кылмыш иши козголгон.
Учурда иликтөө иштери улантылууда.