7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алты айда 100 салык кызматкери жоопкерчиликке тартылды

17

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында жалпысынан 100 салык кызматкери жеке ишкерлерди мыйзамсыз административдик жоопкерчиликке тарткандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын ишкерлердин укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын улук прокурору Чынарбек Аалиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Башкы прокуратура тарабынан ишкерлердин укуктарын коргоо, ишкердикти өнүктүрүү жана өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча бир катар иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат.

“Башкы прокуратурада ишкерлердин укуктарын көзөмөлдөө башкармалыгы түзүлүп, бүгүнкү күндө иш алып барууда. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында бул багытта жалпысынан 222 прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, анын натыйжасында 83 кызмат адамы тартиптик, ал эми 79 кызмат адамы административдик жоопкерчиликке тартылды. Ошондой эле бир кылмыш иши козголгон. Бизде ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча жакшы мисалдар бар. Мисалы, прокуратура органдары тарабынан бузуулардын бирдиктүү реестрине күн сайын мониторинг жүргүзүлүп турат. Мында 322 жеке ишкерге карата салык органдары тарабынан мыйзамсыз айып пулдар салынгандыгы аныкталып, бул боюнча прокурордук чаралар көрүлгөн”, — деди Аалиев.

Анын натыйжасында 76 салык кызматкери КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 435-беренеси менен административдик жоопкерчиликке тартылса, ал эми 24 салык кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылгандыгы белгиленди.

18