7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагы азербайжан тилинде басып чыгарылат

772

Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев менен Түрк маданияты жана мурасы эл аралык фондунун президенти Актоты Райымкулова менен жолугушту.Бул тууралуу ТИМден билдирди.

Жолугушууда тараптар өз ара кызматташуу маселелерин талкуулашты, атап айтканда, кыргыздын чыгаан акыны Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагын кыргыз жана азербайжан тилдеринде басып чыгаруу маселеси талкууланды.

Ырларды азербайжан тилине акын, манас таануучу, Азербайжандын эмгек сиңирген журналисти Адил Жамил которгон.

Актоты Райымкулова белгилегендей, эл аралык фонд Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинин Алыкул Осмоновдун ырлар жыйнагын басып чыгаруу демилгесин колдоп, эки түрк элинин маданиятын жакындатууга кызмат кылат. Бул басылма эки өлкөнүн маданий карым-катнашын өнүктүрүүгө олуттуу салым болуп, түрк элдеринин каада-салттарын жана искусствосун урматтоону жана өз ара түшүнүүнү чыңдоого жардам берет.

Элчи Осмоналиев менен Райымкулова бул иш-чара Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достук мамилелерди мындан ары да чыңдоого, ошондой эле түрк элдеринин маданий мурастарын эл аралык деңгээлде таанытууга салым кошоруна ишенимин билдиришти.

 

 

 

773