Баткен облусунун Баткен районундагы Зардалы айылына электр жарыгы берилди.
Энергетика министрлиги кечээ 56 үй, 2 мечит, мектеп, фельдшердик-акушердик пункт жана чек ара заставасына күн батареяларын орнотуп, толук электр энергиясы менен камсыз кылды.
Батареялардын кубаттуулугу 5 кВт. Жалпысынан жабдуулар 33,5 млн сомго сатып алынган.
Эске салсак, Зардалыда буга чейин электр жарыгы болгон эмес.