7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Америкалык көк бөрүчүлөр Кыргызстанга келди (видео)

138

Бишкек шаарына VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган АКШнын көк бөрү боюнча курама командасы келди. Бул тууралуу эл аралык көк бөрү федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, спортчуларды федерациянын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков жана уюмдун өкүлдөрү тосуп алышты. Капитан Лэдд Хауэлл жетектеген АКШнын курамасында 9 оюнчу бар. Алар Көчмөндөр оюндарынын ачылуу аземи өтө турчу Бишкек-Аренага барышты.

Курама 26-августа Чолпон-Атага аттанат. Ал жерде окуу машыгуу өткөрөт.

Эске салсак, АКШнын көк бөрү боюнча курамасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 2014-жылдан бери катышып келет. Бул ирет алардын бул сапарын Эл аралык көк бөрү ассоциация каржылады.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

139