Бул макалада америкалык ырчы, актриса, композитор, продюсер жана “Грэмми” сыйлыгынын лауреаты Ариана Гранде тууралуу кызыктуу фактыларды топтодук.
1)Ариана Гранде шоу-бизнестеги карьерасын 2008-жылы баштап, атактуулуктун даамын эрте эле сезген.
2)Анын ырчылык карьерасы 2011-жылы “Жеңүүчү-Виктория” сериалына саундтрек жазуу менен башталган. «The Way» ыры музыка сынчылары тарабынан жакшы кабыл алынган.
3)My Everything альбому 2014-жылда АКШда биринчи орунга чыккан. Альбом «Problem», «Break Free», «Bang Bang» жана «Love Me Harder» хиттеринин аркасында дүйнөлүк ийгиликке жеткен.
4)2016-жылы Ариана «Dangerous Woman» альбомун чыгарган. Бул альбомдогу «Side To Side» клиби YouTube’да миллиарддан ашык көрүүчүнү топтогон.
5)2017-жылдын 22-майында Манчестердеги Ариананын концертинде теракт болгон. Гранде гастролун токтотуп, кол салуудан жапа чеккендерге акча чогултуу үчүн кайрымдуулук концертин өткөргөн.
6)Ырчынын инстаграмда 379 миллиондон ашык катталуучусу бар. Ал инстаграмдагы эң популярдуу 10 аккаунттун катарына кирет.
7)Ырчынын ата-энеси экөө тең кызматкер. Ал документ боюнча ата-энесинен фамилиясын “Ариана Гранде-Бутера» деп алып жүрөт.
8)Апасы анын чыгармачылыгын кичинекей кезинен эле колдоп, дайыма жанында болгон. Ошондой эле, аны чоң атасы менен чоң апасы дагы ар тараптуу колдогон. Чоң атасы бир күнү бүт үй-бүлө небереси менен сыймыктанаарын айтып, чоң энеси аны жергиликтүү ышкыбоздор театрынын кастингине алып барган. Жашоосундагы маанилүү мезгилде ага ишеним арткан чоң атасынын аркасы менен Гранде фамилиясын сахналык ысымына калтырган.
9)Ариана эт жебейт.
10)Ал түнкүсүн сейилдегенди, дарыканаларды жана пляждарды кыдырганды жакшы көрөт.
11)Лаванда түсүн жана жаныбарларды жактырат. Итге жакын.
12)Ариана 2020-жылдан бери Далтон Гомес менен кыз-жигит мамиледе болгон. Жубайлар 2021-жылдын 15-майында жашыруун үйлөнгөн.