7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Анар жүрөк жана кан тамыр оорулары үчүн өтө пайдалуу

889

Анардын курамында организмге пайдалуу витаминдер, минералдык заттар, туздар жана микроэлементтер көп. Анда глюкоза, фруктоза, лимон, алма кычкылы, азоттун кычкылы, кальций, магний, калий, марганец жана натрий бар. Анарды шире, кыям, сироп, шарап жана балмуздак түрүндө жесе болот.

  • Анар ширеси табитти жакшыртат.
  • Аз кандуулук менен күрөшүүдө 2 ай бою күнүнө 3 маал тамакка чейин 0,5 стакан  сыгылган анар ширесин ичсе болот.
  • Анардын дандарын артериалдык кан басым чукул төмөндөп кеткен жагдайда жесе да пайдалуу.
  • Анардын ичиндеги дандарын, чел кабыктарын кургатып, чай катары демдеп ичсе нерв системасын тынчтандырат жана түн уйкуну жакшыртат.
  • Өнөкөт баш оорудан арылуу үчүн үй шартында сыгылган анар ширесин ичип туруу зарыл.
  • Ооруп турган тишти бал менен аралашкан анар дандарын жеп басууга болот.
  • Ар бир адам жаш болуп жүргүсү келет – анардын жалбырагын индиялык айымдар дары катары эле эмес, жашартуучу каражат катары да колдонуп келишет.
  • Бетке тактар чыкканда — анардын курамында лимон кычкылтеги бар болгондуктан аны бетти тазартуу жана тазалоо үчүн да каражат катары колдонсо болот.
  • Ал беттеги пигменттик тактарды, безеткилерди, сепкилдерди кетирүү касиетке ээ.
  • Талаада картошка казып иштеп колуңуз карарып калганда да ушул анардын ширеси менен жууп койсоңуз  пайдалуу болот.
  • Кабыгы медицинада кайнатылып ичеги мите курттарына каршы, ширеси ашказан сезгенгенде, астма, ангина, атеросклероз жана башка ооруларды дарылоого колдонулат.
  • Мындан тышкары, анар жемиштеринин кабыгынан, гүлдөрдөн, жалбырактардан жана бактын тамырларынан ар кандай дары-дармектер даярдалат
  • Эгерде депрессия менен ооругандар (гипертония, гипертония) анарды жумасына 3-4 жолу ичсе, кан басымы көп өтпөй кадимки калыбына келет.
  • Жөтөлгөн учурда 1чай кашык анар кабыгынын үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп, оозун жаап, кайнатыңыз да күнүнө ичип турсаныз  жакшы жыйынтык берет.
  • Анар жүрөк-кан тамыр системасы үчүн пайдалуу: кан тамырларды чыңдайт, кан басымын нормалдаштырат, гемопоэзди, гемоглобиндин жана эритроциттердин активдүү синтезделишин шарттайт. Ошондуктан, анар ширеси көп учурда В12 аз кандуулукка, гемоглобиндин төмөндөшүнө жана оорудан жана операциядан кийин калыбына келүү мезгилинде жалпы алсыздыкка дайындалат.
  • Бардык карыларга жүрөк жана кан тамыр ооруларынын алдын алуу үчүн пайдалуу.

Анарды тандоодо кабыгына көңүл буруу керек. Бышкан жемиште жер кыртышы бир аз кургак, катуу жана кээ бир жерлери ичиндеги бүртүкчөлөрдүн формасын кайталайт. Эгерде тери жылмакай, желекчелери жашыл болсо, анар быша элек. Бышкан анарлар көбүнчө чоң жана оор болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

890