7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ангелочек» бала бакчасынын ашканасы бир түндө урап калды. Эмне себеп?

642

Бишкек шаарындагы Темирязева көчөсүнүн №98 дарегинде жайгашкан «Ангелочек» балдар бакчасынынын ашканасы кулап калды. Анын урашынын бирден-бир себеби, бала бакчадан 1 метр алыс эмес жерге көп кабаттуу үй салуу иштери башталган. Бул тууралуу «7-каналдын» Бишкек шаарындагы кабарчысы Жылдыз Капарова жерине барып таанышып кайтты.

Анын айтымында, ашканада ашпозчу 3 баласы менен калып иштечү, бактыга жараша окуя түнү катталган.

«Милиция кызматкерлерине эртең менен эле билдирүү жөнөтүлүп, Бишкекглавархитектурасына, мэрияга арыз жазылды. Азыр мына кеч болду, бири дагы басып келип сураган жок», — дейт бакчанын жетекчиси.

Кошумчалай кетсек, ал жерде кыйроого учураган бир гана бала бакчанын  ашканасы эмес, ага жанаша жайгашкан турак үйлөрдүн дагы дубалдары көчүү коркунучунда турат.

https://www.instagram.com/tv/CNCVe_4gzKS/?utm_source=ig_web_copy_link

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

643