7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Анкарада Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бак ачылды

636

Анкара шаарында залкар жазуучу, дипломат жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун атынан сейил бак ачылды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, 8-октябрда паркка жазуучунун бюсту орнотулуп, анын постаментине Ч.Айтматовдун: “Адамга эң кыйыны – күн сайын Адам болуу” деген цитатасы жазылган.

Залкар жазуучунун ысымын алган парктын ачылышына байланыштуу иш чарада Элчи Кубанычбек Өмүралиев жана Чанкая муниципалитетинин мэри Алпер Ташделен куттуктоо кайрылуусун жасашкан.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев өз сөзүндө Түркиянын борбору Анкарада Айтматовдун урматына сейил бак ачылып, ага бюстун орнотулушу жазуучуга жана анын элесине болгон терең урматын ачык ырастоосу гана эмес, ошону менен бирге Кыргыз жана Түрк элдеринин боордоштук алакаларынын символу экенин баса белгилеген.

Мэр Алпер Ташделен өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жана алардын негизинде тартылган тасмалары менен барабар өскөн бир катар Түркиянын жарандарынын бүтүндөй муунуна маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыздын улуу жазуучусунун ысымы учурда Анкаранын Чанкая муниципалитети менен байланышып жатканына кубанычын жана сыймыктанганын билдирген.

Салтанаттуу иш чарага Түркия Республикасында жайгашкан чет мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын жетекчилери жана өкүлдөрү, министрликтердин жана ведомстволордун, коомдук уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, бизнес түзүмдөрдүн, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана  Анкара шаарында жашаган Кыргызстандын жарандары катышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

637