7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ант берүүдө адашкан депутаттар боюнча К.Ташиевдин уулу экөөнүн сөзү тарады

9

Журналист Нургазы Анаркулов УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен уулу Таймурас Ташиевдин Жогорку Кеңеште ант берүүдө адашкан депутаттары тууралуу сүйлөшкөн аудио пикирлерин жарыялады.

«Бүгүн, Жогорку Кеңешинин кезектеги, VIII чакырылышынын депутаттары өз ишин баштады. Жаңы парламенттин сапаттык курамы, айрым шайланып келген депутаттардын жада калса ант берүүдөн жүдөп калып жаткандыгы жөнүндө бир катар суроолорду камдап, Министрлер кабинетинин орун басары, УКМК төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев менен байланыштык. Себеби, парламент шайлоосу боюнча бир да комментарий бере элек болчу.

Камчыбек Кыдыршаевич биздин сурообузга өтө оригиналдуу жооп узатты. “Менин жообумдун ордуна, бүгүн, уулум Тай-Мурас менен болгон сүйлөшүүбүздүн үн жазмасын чыгарып койсоңуздар жакшы болот эле. Айрым адамдар үчүн чоң сабак болоор. Кимдир-бирөөгө сын тагаардан алыс бололу. Жаңы парламенттин келечекте кандай болорун ким билет? Балким, ошол сынга кабылган балдардан чоң демилгелер чыгаар? Мен парламенттин ишине ийгилик каалайм”- деди «,-деп жазган Анаркулов.

Сиздерге, Камчыбек Ташиевдин уулу менен болгон сүйлөшүүсун сунуштайбыз (үн жазуу атайын жаздырылган эместигин эскертебиз).

10