7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Антальядагы архитектуралык керемет. 350 жылдык тарыхты баскан таш тамдар (ФОТО)

627

АНТАЛЬЯДАГЫ АРХИТЕКТУРАЛЫК КЕРЕМЕТ. 350 ЖЫЛДЫК ТАРЫХТЫ БАСКАН ТАШ ТАМДАР
Түркия кооз табияты, жаратылышынан тышкары маданий байлыктары менен да көпчүлүктүн көңүлүн буруп келет. Өлкөнүн уникалдуу мурасынын маанилүү элементтерин бири бул анын оригиналдуу архитектурасы десек болот. Айрыкча топчу сымал таш тамдар Түркиядагы салттуу курулуштарга өзгөчө көрк берип турган архитектура болуп саналат. Өтө бийик эмес, чакан-чакан, жерге жапыз формада салынган кооз жыгач жана таш үйлөр Түрк Ривьерасынын жүрөгү болгон Анталияда, Таурус тоолорунун этегиндеги Ормана айылында жайгашкан.

ОРМАНАДА САКТАЛЫП КАЛГАН САЛТУУ АРХИТЕКТУРА
Анталиянын Ормона айылында 300гө жакын таш тамдар бар. Бул үйлөр жыгач каркастуу, бирок дубалдары негизинен таш менен көтөрүлгөн. Бир да кызыл кирпич колдонулган эмес. Жыгач туткалары болсо чайыр дарактарынан жасалган. Таштар жыгачтар менен чырмап байланат да, кедр жана чайыр дарактарынын тик кесимдери менен бекемделет. Таш дубалдын жыгач менен бекемделген жерлери алыстан караганда топчу сыяктуу көрүнгөндүктөн бул үйлөрдү топчу тамдар деп атап коюшкан.
ТЕРМЕЛИП ТУРГАН ТАШ ДУБАЛДАР
Ормонадагы бул таш тамдар өтө бекем болуп, кандай жер титирөө болбосун туруштук бере алат. Анткени жер термелгенде таш дубалдар ийилип, силкинүүнүн күчү, багытына карап термелип турат. Конструкциялар да климаттык шарттарга жооп берет. Үйлөрдүн дубалдары өтө калың болгондуктан, кышында ичи жылуу, жайкысын салкын болот. Мындай эки кабатуу таш тамдар Анадолудан башка эч бир жерде жок. Үйдүн төмөнкү кабаттары айыл чарба жана мал чарба ылайык сарай же чөп кампа катары колдонулган. Бүгүнкү күндө Ормонадагы байыркы таш үйлөр мейманкана катары калыбына келтирилген.


ОРМОНАДАГЫ ТАБИГЫЙ ЖАНА ТАРЫХЫЙ КООЗДУК
Ормана айылы таш үйлөрдөн тышкары табигый жана тарыхый кооз жерлери, ботаникалык туризми менен да көпчүлүк үчүн кызык. Ошондой эле кыштакта треккинг, сейилдөө жана үңкүрлөр да бар. Орманада жыл сайын жүзүм фестивалы өткөрүлөт. Сентябрь айында Орманага барууну пландап жатсаңыз, фестивалга катышып, айылдын жүзүм бактарын аралап, бирден үзүп жеп, даам татып, ошондой эле жүзүм өстүрүүнүн сырларын да үйрөнүп кетсеңиз болот.

МАДАНИЙ ЖАНА ЭКОЛОГИЯЛЫК МУРАСТАР
Алтынбешик үңкүр көлү жана Аныф түздүгү Ормана айылынын дагы башка табигый байлыктардын бири болуп саналат. Аянты дүйнөдө үчүнчү болгон Алтынбешик үңкүр көлүнүн жээктеринде травертин, сталактиттер жана сталагмиттер көзгө урунат. Түркиянын алгачкы, ошондой эле жападан жалгыз улуттук паркы болгон Алтынбешик үңкүр көлү карс топографиясы жана жашыл токой, бак-дарактары менен да белгилүү. Алтынбешик үңкүр көлү улуттук паркынан кийин эле жалпы аянты 90 миң гектарды түзгөн Эйниф түздүгү бар. Түздүктө бир катар тарыхый урандыларды көрүүгө болот. Селжук дооруна таандык Тол Инндин (Тол Хан) калдыктары, байыркы Рим дооруна таандык Эримна шаары да ушул түздүктө жайгашкан. Эч качан өз акчасын чыгарбаган көз карандысыз кыштак, байыркы шаардын монолит устундары, чоң таштардан куралган имараттын пайдубалдары жана театрдын калдыктары бүгүнкү күндө да кадимкидей сакталып турат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

628