7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Антисанитария… Бишкекте «КАВжанаКЕВ» дыйкан чарбасынын башчысы кармалды 

147

«КАВжанаКЕВ» дыйкан чарбасынын башчысы, КР жараны А.В.К. тарабынан мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган адам уруксат берүүчү, медициналык жана миграциялык документтери жок чет өлкөлүк жарандарды ишке тарткан. Алар антисанитардык шарттарда өлкөнүн калкы үчүн тамак-аш азыктарын даярдоо менен алектенишкен. Мындан тышкары, жарактуу мөөнөткө ылайык келбеген мөөнөттөрдү продукцияларга чаптоо фактылары аныкталган.

2025-жылдын 17-ноябрында А.В.К. кармалып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун, 297-беренесинин 1-бөлүгүнүн жана 379-беренесинин 3-бөлүгүнүн (мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, документтерди жасалмалоо, керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү) кылмыштарын жасаган деген шек менен КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тиешелүү тергөө жана оперативдик иш-чаралар уланууда

148