Ар бир экономикалык өнүгүүнүн артында руханий жана маданий өзөк жатат.
Бизге – Айкөл Манастын, кеменгер Жусуп Баласагындын, даанышман Махмуд Кашгари-Барсканинин урпактарына ондогон кылымдарды артка таштаган ата-бабаларыбыздын каада-салты менен нарк-насилин сактап, аларды өнүгүүнүн өзөгүнө айландырууга мезгил келип жетти.
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү, айрыкча, өнүккөн өлкөлөрдүн баары өзөгүн изилдеп, руханий баалуулуктарын иликтей баштаганын баамдоого болот. Себеби нарк-насил, каада-салт кийинки муундун акылына – акыл, эсине – эс, сөзүнө – сөз кошуп, көзүнө – көз болот! Каада-салт көкүрөк-көөдөнүн тазалаган коомдун тамыры жана келечеги кең экени барган сайын айкын болуп барат. Дүйнө элдеринин мындай аракеттеринин катарында биздин коомчулукта дагы өзүнө эреже-тартип катары кабыл алып жашап келген ата-бабаларыбыздын нарк-насилин жайылтуу, бойго сиңирүүгө болгон умтулуусу, каалоосу күч алды.