7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ар бир үйгө береке-кут, бакубат турмуш тартууласын». Жапаров орозо айынын башталышы менен куттуктады  

701

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-апрелде, өлкөнүн мусулмандарын Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ассалоому алейкум ардактуу мекендештер! Кадырлуу кыргызстандыктар!

Жалпыңыздарды мусулман жамааты көптөн көп күткөн берекелүү Орозо (Рамазан) айынын башталышы менен куттуктайм.

Бүткүл дүйнөдөгү мусулмандар үчүн өзгөчө ай болуп саналган Орозо айы акыркы эки жылда белгилүү чектөөлөр менен өтүп келгени белгилүү.

“Он эки айдын султаны” деп аталган бул айда Жараткан мээримин чачып, кечиримдүүлүктүн эшиктери ачылып, жакшы тилектер эселенип кабыл болору айтылат. Демек, бул айда адамдардын бири-бирине болгон урмат-сыйын бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк жаралат. Орозо жан дүйнөнү руханий жактан тарбиялап, адамдарды ырайымдуулукка, сабырдуулукка жана адептүүлүккө үйрөтөт. Ошондуктан, улуу айдын урматына Жараткандан дүйнө жүзүндө болуп жаткан саясий-экономикалык каатчылык маалында жалпы адамзат баласына кечиримдүүлүктү жана мээримдүүлүктү тилейли.

Ошону менен бирге, эзелтен эле кыргыз калкыбыздын улууну урматта, кичүүнү ызаатта деп чакырык салган каада-салттарын бүгүнкү муун дагы кынтыксыз улантып кетерине ишенем.

Бабалардан калган кааданы улап, ата салтына уюп келе жаткан мекендештерибиз бири-бирин кечирип, бири-бирине болгон ымаласын арттырып, Мекенге болгон сүйүүсүн бекемделе берсин. Колу ачык, март жарандарыбыз калктын муктаждыктарын чечип, ажатын ачып, кайрымдуулук иштерине себепкер боло беришине тилектешмин.

Орозонун касиети ар бир үйгө береке-кут, бакубат турмуш тартууласын!

Отуз күн орозо тутуп, жан дүйнө тазартам деген изги тилектериңиздер кабыл болсун!», — деди өлкө башчы куттуктоосунда.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

702