7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Кыргызстан жана Өзбекстан эки тараптуу соода көлөмүн 2 млрд долларга чейин жеткирүүнү көздөйт

429

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин кеңейтилген курамдагы төртүнчү жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө эки өлкөнүн чектеш аймактарынын башчыларынын кеңешинин жыйыны чек ара аймактарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу милдеттерин жана келип чыккан маселелерди ыкчам чечүү үчүн ыңгайлуу аянтча болуп калганын белгиледи.

«Эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык чөйрөдө ишке ашырыла элек чоң потенциал бар, буга байланыштуу биздин мамлекеттердин аймактык администрациялары менен ишкер чөйрөлөр ортосунда түз байланыштарды орнотуу боюнча иштиктүү чараларды кабыл алуу зарылчылыгы бар», — деп белгиледи ал.

Министрлер Кабинетинин башчысы эки өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктарын жана потенциалын максималдуу пайдалануу менен биргелешкен продукцияны үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо максатында өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун ишке ашыруу маселесин кароону сунуш кылды.

«Кыргыз Республикасы эл аралык маанидеги автомобиль жолдорун жакшыртуу жана өркүндөтүү, жаңы логистикалык борборлорду түзүү, ошондой эле аларды аймактык жана дүйнөлүк транспорттук артерияларга ыңгайлаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Күн тартибинде өлкөнүн ичиндеги темир жолдорду реконструкциялоо жана аларды трансконтиненталдык магистралдарга тартуу маселеси турат. Эң ири жол долбоору катары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу саналат. Аны ийгиликтүү ишке ашыруу биздин аймактын транзиттик потенциалын бир топ жакшыртат»,- деди ал.

Акылбек Жапаров республикабыздын туризм тармагындагы чоң мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп, аймактар аралык туризм жана зыярат кылуу чөйрөсүндө кызматташууну активдештирүүнү сунуштады.

«Дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгы алкагында Ош шаарында кыргыз-өзбек достук паркын негиздөөнү сунуштайм. Бул парк кыргыз-өзбек элинин кылымдар бою келе жаткан достугунун жана бир туугандык мамилесинин мыкты үлгүсү болооруна жана байыркы шаардын тургундарынын жана конокторунун сүйүктүү эс алуу жайына айланаарына ишенем», — деди ал.

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билим берүү жана саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Кеп мугалимдер жана студенттерди алмашуу программаларын кеңейтүү, биздин жарандардын КРнын жана Өзбекстандын жогорку жогорку окуу жайларында билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү жөнүндө болуп жатат. Саламаттык сактоо тармагында тараптар жугуштуу оорулардын алдын алуу жана дарылоо, коронавирустук инфекцияга каршы дарылоо жана эмдөө ыкмаларында, медицина тармагындагы инновацияларды колдонуу жаатында тажрыйба алмашуу иретинде кызматташа алат.

Жыйынтыгында Кыргызстандын Президентинин чектеш облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйынынын протоколуна жана башка жыйынтык документтерге кол коюлду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

430