7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Арашандагы маданият үйү мамлекеттин менчигине кайтарылды

317

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылындагы маданият үйү мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Объектин жалпы аянты 0,62 га, болжолдуу баасы 126 млн.сомду түзөт.

2004-жылы социалдык жана муниципалдык объектилерди мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө тыюу салган ченемдик-укуктук актыларга карабастан, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мыйзамсыз чыгарылган токтомунун негизинде иштеп жаткан Маданият үйү жеке пайдаланууга берилип, кийин ал жеке жак тарабынан мыйзамсыз сатылып алынгандыгы аныкталган. 

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында имараттын ээси өз ыктыяры менен объектти мамлекеттин балансына өткөрүп берген.

 

318