7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Араванда «Йакын-Инкар» диний экстремисттик кыймылынын лидери кармалды

1003

Араван районунун аймагында «Йакын-Инкар» диний экстремисттик кыймылынын лидери кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Ош облусунун аймагында «экстремист» аталыштагы ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинде каралган кылмыштын белгилери менен козголгон сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Ош облусунун Араван районунун 53 жаштагы тургуну кармалган.

Кармалган жаран Кыргызстандын аймагында үгүт жана пропаганда иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган «Йакын-Инкар» диний экстремисттик агымынын идеялогияларын колдоп жана аларды үгүттөп, 2022-жылдын февраль айына чейин жашыруун түрдө башка облустун аймактарынан аталган диний экстремисттик тобунун мүчөлөрүн алып келип, үгүт-насаат иштерин жүргүзүп жүргөндүгү аныкталган.

Козголгон кылмыш иш боюнча атайын тергөө амалдарынын жыйынтыгында анын турак жайына тинтүү жүргүзүлүп, диний экстремисттик маанидеги материалдар аныкталып, алынган. Кылмышка шектүү катары кармалган жаран Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинде каралган кылмышты жасагандыгына шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1004