Тоң районундагы бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тоң райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, 2005-жылы аталган районго караштуу Ак-Терек айыл өкмөтүнүн Дөң-Талаа айылындагы бала бакчанын имараты короо жайы менен бирге ошол эле айылдын К.С. аттуу тургунуна мыйзамсыз жеке менчикке сатылып кеткендиги аныкталган.
Аталган социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, толук канааттандырылган.
Прокурордук чара көрүү актынын негизинде базар баасы 3 млн 670 миң сомдук бала бакчынын имараты, короо жайы менен бирге мамлекетке кайтарылды.