7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Араванга жаз келип дыйкандар картошка эге башташты

286

Кыргызстанда эң эрте жаз келген Араван районунда картошка эгиле баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, азыр эгиле баштаган картошкалар май айында бышып, сатууга даяр болот. 90 сотых жерге картошка айдаган фермер май айында 20 тоннадан ашык түшүм алууну пландоодо. Эгерде картошканын «ривьера» сорту эгилсе ал эрте бышат. Натыйжада бир сезондо 2-3 жолу түшүм алса болот.

Аймактык фермерлер талааларын күзүндө даярдап, жерин байытып, дары-дармек, жер семирткичтер жана витаминдер менен камсыз кылып жатышат.

Бул ишке Айыл чарба министрлиги да активдүү колдоо көрсөтүп, фермерлерге техника жана талаага керектелүүчү дары-дармектерди берүүдө.

 

287