Аргентинада токой өрттөнүп жатат. Шаарга тездик менен жайылып келе жаткан чоң өрттү өчүрүүгө миңдеген куткаруучулар тартылган. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 9-октябрда Улисес Ксарате аттуу 27 жаштагы жергиликтүү тургун токойдо кофе жасоо үчүн от жагып, бирок жалынды башкара албай калган. Учурда ал кармалды.
Ошондой эле, өрттүн бат жайылуусуна ысык аба ырайы жана катуу шамал да себеп болгон. Учурда миңдей өрт өчүрүүчү жеринде иштеп жатат.
Кордова провинциясындагы ондогон адамдар эвакуацияланды. Тилсиз кырсыктан жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат бериле элек.