7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Архив фото: Маданият, цивилизациянын очогу болгон Ош шаарына 3021 жыл толду

1227

Ош — 3000 жылдык байыркы шаар. Б. з. ч. 4- 5-кылымда шаар Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолундагы маанилүү калаага айланган.

  • 8–10-кылымда Ош чоңдугу бoюнча Фергана өрөөнүндөгү эң ири шааарлардын бири катары саналган.

Шаар дубал менен курчалган жана анын үч дарбазасы болгон.

  1. Дарбаза-ий Кух (Тоо дарбазасы),
  2. Дарбаза-йи Аб (Суу дарбазасы),
  3. Дарбаза-йи Мугкеде (Отко сыйынуучулардын ибадатканасы дарбазасы).

Макдисий 966-жылы жазып бүткөн өзүнүн «Ахсенут-текасим» аттуу эмгегинде,

«Ош дарыялары мол, ар түрдүү өзгөчөлүктөргө ээ шаар болуп эсептелет. Абасы таза жана молчулук бар. Жамы-мечити базарлардын ортосунда жайгашкан. Тоого жакын бай жер болуп суулары мол. Бул жерде жайгашкан чоң рибатка (аскерий гарнизон жайгашкан жай) ар тараптан көңүлдүү адамдар келишет»-деп шаардагы диний абал жөнүндө да баа жеткис маалыматтарды берет.

Ош шаарын 13-кылымдын башында Чыңгыз хандын аскерлери кыйраткан. 13-кылымдын аягы 14-кылымдын башында жашаган Жамал Карший, өзүнүн «ал-Мулхакат бис-сурах» аттуу эмгегинде Ош шаары боюнча төмөнкүдөй маалыматтарды берет,

«Ош шаары. Анда эки анча чоң эмес тоо жайгашкан: Баракух жана Ханаф. Баракух тоосунда азиз жана салих адамдардын мазарлары жайгашкан. (Ал жерде) башкалардын катарында Давуддун уулу Сулаймандын вазири Асаф ибн Бурхиянын күмбөзү бар, экөөнө Алланын рахматы болсун».

  • 14-кылымдын акырында Аксак Темирдин дөөлөтүнө, кийин Моголстанга караган.

Моголдор династиясынын негиздөөчүсү Захиреддин Мухаммад Бабур өзүнүн Бабур-Наама деген эмгегинде Ош жана Сулайман тоонун үстүндөгү чакан үй жөнүндө эскерип кеткен. (1496–98).

  • 17-кылымда калмактардын кол салуусуна жана талоонуна кириптер болуп турган.
  • 1762-жылы Кокон ханы Эрдене басып алган. Ош тегерегиндеги айылдары менен кошо хандыктын акимдик-аймактык системасында борбордук вилайетке баш ийген бектиктин курамына кирип, 19-кылымдын 2-жарымында Ош вилайетинин борбору болгон.
  •  1876-жылдан Түркстан генерал- 181 губернаторлугунун Фергана облусундагы Ош уездинин борбору болуп калган.
  • 1924-жылдан округдун, 1926- жылдан кантондун, 1928-жылдан райондун, 1939-жылдан облустун борбору. 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1228