7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Арка-2 айылында снаряддын жарылуусунан жабыркаган эки бейтап Ошко жеткирилди

424

Лейлектин Арка-2 айылындагы жарылган снаряддан жаракат алган апасы жана кызы Ош облустук ооруканасына санавиация менен жеткирилди.

Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы боюнча жабыркагандар санавиация аркылуу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жана Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына андан ары дарылоо үчүн которулду.

Бейтаптарды жеткирүү бардык зарыл болгон медициналык жабдууларды колдонуу менен тажрыйбалуу дарыгерлердин көзөмөлүндө жүргүзүлдү.

Бейтаптардын абалы оор бойдон калууда.

Эске салсак, 5-январда Баткен облусунун Лейлек районунун Арка-2 айылында снаряддын жарылуусунан жабыркаган аялга жана анын жашы жете элек кызына Кулунду Жалпы дарыгерлик практика борборунда алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн.

 

 

 

 

 

425