7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Арменияда журналистти сабаган министр иштен кетти

647

Армениянын жогорку технологиялык өнөр жай министри Акоп Аршакян Еревандагы кафеде журналистти уруп, анын компьютерин колунан алып ыргыткан окуядан кийин 31-мартта кызматтан кетти. Бул тууралуу «Эркин Европа» радиосунун армян кызматына таянып, Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

«Армениянын жараны катары кызмат адамы башка бирөөгө зомбулук кылганы жат нерсе. Биз зомбулуксуз коомду куруу багытында алдыга жылышыбыз абзел», – деп жазды 35 жаштагы министр «Фейсбуктагы» баракчасына.

1-апрелде анын ордуна Армениянын Тавушск облусунун губернатору дайындалды.

Бул окуя 19-мартта Еревандагы кафеде болуп, журналист камерасы менен тамактанып жаткан министрге келип, ал эмнеге жумуш убактысында иштебей бекер отурганын сураган. Министр Акоп Аршакян ал дайыма иште экенин айтып жооп кайтарса, журналист мамлекеттик аткаминердин күн тартиби менен бекитилген, чектелген жумуш убактысы бар экенин министрдин эсине салган.

Журналист өз ордуна барып отургандан кийин министр Акоп Аршакян ордунан туруп келип, журналистти уруп, колундагы компьютерин диванга ыргытып жиберген. Бул чатак Интернеттеги социалдык медиа аркылуу тарап, окуя армян коомчулугунда талкууланып, министрдин жүрүм-туруму катуу сынга алынган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

648