7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов: Мен агроөнөр жайынын реалдуу жыйынтыктарын көрбөй турам

435

«Биздин негизги максатыбыз – бул фермерлер үчүн киреше булагын жогорулатуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жолу аркылуу агроөнөр жай тармагын реалдуу өнүктүрүү. Учурда мен муну көрө алган жокмун», — дейт Улукбек Марипов өкмөттүн кеңешмесинде жазгы-талаа жумуштарын уюштуруу жана аны өз мөөнөтүндө өткөрүү маселесин талкуулоо учурунда билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын алкагында айыл чарбасында кластердик механизмди активдүү ишке киргизүү зарыл. Ошондой эле айыл чарбаны колдоого алуу алкагында мамлекетик бюджеттен техниканы лизингге алуу үчүн 540,1 млн сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алынган , ошондой эле «Айыл чарбасын каржылоо – 9» долбоору боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековдун маалыматы угулду.

Ал белгилегендей, агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүүдө, анын ичинде айдоо аянттарын жогорулатуу эсебинен пайдаланылбай жаткан жерлерлердин аянтын кыскартуу, кластердик башкаруу планы иштелип чыгууда.

Өз кезегинде Өкмөт бащчы аталган ишти күчтөндүрүү зарыл экендигин билдирди.

«Карапайым адамдар өзгөрүүлөрдү сезүүсү керек. Республиканын калкынын көпчүлүк бөлүгү айыл чарбасы менен алектенет, биз аларды жеткиликтүү крдит, үрөн жана жр семирткичтер менен камсыздап, аларга реалдуу колдоо көрсөтүүбүз зарыл. Азырынча бул иштердин реалдуу натыйжаларын көрө албай турам», — деп жыйынтыктады Премьер-министр.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

436