7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Арслан Койчиев: “Жаштар – улуттук рухтун жана келечектин тиреги”

215

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев бүгүн, 27-февралда, “Жаштар диалогу – 2026” иш-чарасына катышты. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага ар кандай тармактарда иштеген жаш адистер, жогорку окуу жайларынын студенттери жана коомдук-саясий турмушка активдүү катышкан жаштар, ошондой эле спикер жана парламент депутаттары, мамлекеттик органдардын жетекчилери чакырылган.

Арслан Койчиев өз сөзүндө “Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер” доктринасынын маанисине токтолуп, өлкөнүн келечеги жаштардын колунда экенин баса белгиледи. Ал Жусуп Абдрахмановдун элинин тагдыры үчүн жасаган тарыхый кадамдарын мисал келтирип, бүгүнкү муундун арасында да өзүнүн Абдрахмановдору, өзүнүн Айтматовдору чыгаарына ишеним билдирди.

Мамлекеттик катчы белгилегендей, бул аянтча жаштар үчүн гана эмес, жалпы өлкө үчүн маанилүү платформа болуп саналат.

Жыйын соңунда Арслан Койчиев катышуучуларга ийгиликтүү иш каалап, кыргыз жаштарынын потенциалы чексиз экенин белгиледи.

216