7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Артисттердин айрым категориялары үчүн пенсия укугу бекитилди. Кимдер илинди?

128

Министрлер Кабинети театрлардын, цирктердин жана башка театралдык-оюн-зоок мекемелеринин артисттеринин айрым категориялары үчүн өзгөчө эмгек шарттарындагы пенсияга укук берүүчү тизмени бекитти. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Токтомго ылайык, сахнада 20 жылдан кем эмес чыгармачылык стажы бар маданият кызматкерлери алат алат. Алар:

  • балет артисттери;
  • бий аткаруучулар;
  • мимика жана жаңсоо театрларынын артисттери;
  • травести-артисттери;
  • цирк жана концерттик уюмдардын гимнасттары;
  • акробаттары;
  • эквилибристтери;
  • машыктыруучулары;
  • маскарапоздору;
  • 50 жашка чыккан балбандар;
  • вокалисттер;
  • хор артисттери жана үйлөмө аспаптарда ойногон артисттер пенсия алууга укук алышат.

Токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

129