7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Артём Новиков Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү картасын даярдоону тапшырды

176

Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаарлардын мэрлери, райондук жана облустук мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Жыйындын жүрүшүндө аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери жана учурдагы эпидемиологиялык кырдаал талкууланды.
Өкмөт башчынын м.а. кышкы жылытуу мезгилинин өтүшүнө, азык-түлүк коопсуздугуна жана социалдык маанидеги тамак-аштын баасынын деңгээлине өзгөчө көңүл бурду.
Артем Новиков буга чейин облустун түзүмүндөгү олуттуу үлүштү өнөр жай ээлегенин, айрыкча өндүрүш ишканалары аймактын экономикасынын локомотиви болгонун белгиледи.


«Азыр облустун өнөр жай өндүрүшүнүн 50% дан ашууну тоо кен тармагына туура келет. Региондун өнөр жай потенциалын жандандырууга чоң мүмкүнчүлүктөрү бар, бул үчүн бардык шарттар, анын ичинде чийки зат жана энергетикалык ресурстар бар», — деди Премьер-министрдин м.а.


Жолугушуунун жүрүшүндө Артём Новиков ошондой эле чакан жана орто бизнести колдоонун зарылдыгын белгиледи.


«Бүгүн Жалал-Абад шаарынын чакан жана орто бизнес өкүлдөрү менен пландан тышкары жолугушуу болуп өттү. Алар менен аймакты өнүктүрүү боюнча долбоорлорду талкууладык, алар өз ойлорун ортого салышты. Булар өзүлөрүнүн өндүрүшүн кеңейтип, иштөөгө жана инвестиция салууга даяр болгон келечектүү балдар. Бирок алар жергиликтүү бийлик тарабынан тийиштүү колдоого ээ эмес. Мамлекет тараптан ишкерлерге колдоо болбосо, реалдуу сектор өнүкпөсө биз алдыга жыла албайбыз. Биз ишкерлерге шарт түзүп беришибиз керек. Алар салык төлөмдөрүнүн көбөйүшүн жана бүтүндөй аймактын өнүгүшүн камсыз кылат. Облустун туристтик дарамети дагы толук пайдаланылбай жатат. Инвесторлор жана ишкерлер тынчсызданбашы керек, аларды колдой турган облус жетекчиси, анан да Өкмөт бар экенин билүүгө тийиш. Ушул маселелердин бардыгы жергиликтүү деңгээлде чечилиши кажет, бул үчүн сиздерде бардык ыйгарым укуктар бар. Өкмөт өз кезегинде бардык демилгелерди колдоого даяр», — деди Артем Новиков.


Соңунда Премьер-министрдин м.а. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевге бизнес тармагы менен биргеликте 2021-жылга карата Жалал-Абад облусун өнүктүрүүнүн келечектүү долбоорлорунун картасын даярдоону тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

177