7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Арзыбек Кожошев «ЭКСПО — 2020» Дүйнөлүк көргөзмөсүндөгү улуттук павильонго барды

654

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Бириккен Араб Эмиратына жумушчу сапарынын алкагында «ЭКСПО — 2020» Дүйнөлүк көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын улуттук павильонуна барды.

Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасынын улуттук павильонундагы кыргыз элинин нукура маданиятын, каада-салтын жана үрп-адатын чагылдырган экспозициялар менен таанышты, ал 2022-жылдын 30-мартында Эл аралык көргөзмө бюросунун сыйлоо күнүндө 40тан ашык өлкөнүн арасында «Theme Development» категориясындагы «Мүмкүнчүлүк» тематикалык кластеринде ардактуу үчүнчү орунга ээ болгон.

Ошондой эле Арзыбек Кожошев Бириккен Араб Эмираттарынын, Россия Федерациясынын жана башка бир катар мамлекеттердин улуттук павильондорунда болду. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Россия Федерациясынын илимий-технологиялык жетишкендиктери жана Бириккен Араб Эмиратынын архитектуралык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.  Арзыбек Кожошев «ЭКСПО — 2020» Дүйнөлүк көргөзмөсүнүн уюштурулушун жогору баалап, көргөзмөнүн «Идеяларды айкалыштыруу менен келечекти түзүү» урааны көргөзмөнүн философиясына толугу менен шайкеш келип, дүйнөгө жаңыча кароого мүмкүндүк берерин белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

655